Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге, мерчемдүү ишке жарай турган, колунан бир нерсе келе турган, ар нерсеге жөндөмдүү, тың, чыйрак. Алардын ичинде бычакка сап болгудай эч кимиси жок экен (Көчкөнов). - Аке, элде кандай жигиттер бар? Бир бычакка сап болгудайы чыга турганбы? - деп сурады Мусулманкул (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге жарай турган, жөндөмдүү, тың, бышык, колунан бир нерсе келе турган. Алардын ичинде бычакка сап болгудай эч кимиси жок экен (Көчкөнов). – Аке, элде кандай жигиттер бар? Бир бычакка сап болчудайы чыга турганбы? – деп сурады Мусулманкул (Касымбеков). В.: Бычакка саптык. Бычакка саптык уулум жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Баатырдын тукумунан бычакка саптык бир бала чыкпайбы? (Сыдыкбеков). Камчыга саптык. Ымтыраган иттер, камчыга саптык бири жок! – деп корбашы каарданып жатты («Ала-Тоо»).